«Сибирь аба каттамдары» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 16-июлда 205 кыргызстандык келди. Алардын ичинде балдар, кош бойлуу жана балалуу кыз-келиндер, улгайган жана оорулуу жарандар бар. Булардан тышкары Орусиянын Сибирь аймагында жогорку окуу жайларда окуган студенттер да келишти.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери 40ка чукул чет мамлекеттен 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилди.
Андан тышкары Орусиянын Самара, Оренбург облустарындагы жарандар орус-казак чек арасынан автобустар менен алып келинген. (ZKo)