Социалдык тармактарда «Семетей» обсервациясында премьер-министр кеткенден кийин медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатканы тууралуу жарыяланган видео маалымат жалган экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрлик тасмага түшүрүлгөн жүк ташуучу автоунаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпиталынын реанимациялык бөлүмүнө ташып баратышканын, кампада сипап деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгонун маалымдоодо.
“Адистер жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орноштуруп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден соолугуна кам көрүп жатышат”, - деп жазылган маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды маалыматты тактабай туруп таратуудан карманууга чакырууда.
Интернетте “Семетей” обсервациясында (мурдагы "Ганси" аскердик базасы) медициналык жабдыктарды өкмөт башчы келгенде гана алып келип, кайра алып кетишти” деген маалыматты 16-июлда Саламаттык сактоо министрлиги да жокко чыгарган.
15-июлда соцтармактарда мурдагы “Ганси” базасында жайгашкан “Семетей” госпиталында жүк ташуучу автоунаага чоң кутулар жүктөлүп жаткан учур тартылган видео тараган. Анын автору тасманы “госпиталга өкмөт башчы барып кеткен соң, медициналык жабдууларды кайра жүктөп кетип жатышат" деп комментарийлеген.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов аталган жайга 13-июлда барган. (ZKo)