Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

COVID-19: Бир суткада 83 бейтап каза болду, 1654 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир суткада коронавирустан 83 бейтап каза болду. Бул тууралуу 17-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Бүгүнтөн тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирет:

1. Лабораториялык тастыктоосу бар COVId-19

2. Лабораториялык тастыктоосу жок, бирок белгилеринен жана рентгенден билинген COVID-19 (пневмония).

Штабдын жаңыланган статистикасына караганда, 17-июлга карата бир суткада COVID-19 диагнозу 1 миң 654 адамга коюлду. Жалпысынан, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 адам болду. Каза болгондордун жалпы саны 785ке жетти.

Адистер азыр денеси ысып, өпкөсүнөн кагынгандардын баары коронавирус экенин айтып жатышат. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын буга чейин бөлүп карап келген. (RK)

XS
SM
MD
LG