Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-июлда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары шектелип 35 жаштагы жаран кармалганын маалымдады.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, уюмдун катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу иштери менен алектенген. КМШ мамлекеттердин биринде оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан жыйырмага жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салганы мурда маалымдалган. Алардын катарында «Хизбут-Тахрир» да бар. Бул уюм соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм деп 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. (TSh)