Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

АКШ элчилиги журналист Бүбүкан Досалиеванын көз жумганына байланыштуу көңүл айтты


Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Азаттык” радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиеванын көз жумганына байланыштуу көңүл айтуу катын жолдоду. Анда чыгаан журналист, педагог, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева дүйнө салганы Кыргызстан үчүн оор жоготуу экени айтылат.

Элчилик Бүбүкан Досалиева кыргыз элине ак кызматын өтөп, эгемендүү Кыргызстандын демокртиялык мамлекет болуп калуусуна салым кошконун белгиледи. Ошондой эле Досалиеванын журналистикага кошкон салымын, анын ичинде “Азаттык” радиосундагы үзүрлүү эмгегин белгилеген.

“АКШнын Бишкектеги элчилиги Бүбүкан Досалиеванын жакындарына, кесиптештерине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат элчиликтин катында.

Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

«Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланышта. Ал 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, телеберүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG