Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Борбор Азия жана Кытайдын тышкы иштер министрлери жыйын курду


Борбор Азия жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйыны. 16-июль, 2020-жыл.

16-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын тышкы иштер министрлери пандемия менен күрөшүү жана экономикалык алаканы талкуулаган видеоконференцияга чогулушту. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Онлайн жолугушууда COVID-19 илдетин жайылтууну токтотуу, пандемиянын экономикалык кесепеттерин калыбына келтирүү, өз ара соода-сатык алака, насыялык кызматташуу боюнча талкуулашты. Дипломаттар терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө кызматташтыкты бекемдөө зарыл экенин белгилеп, Ооганстанда тынчтык орнотуу маселелери боюнча пикир алмашты. Онлайн жыйын Кытай тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков пандемиянын экономикалык чыгымдарын жөнгө салуу үчүн соода алаканы жакшыртуу жана финансы-кредиттик кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Маалыматта ошондой эле министр Айдарбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселе көтөргөнү айтылды.

Борбор Азия мамлекеттерине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирет. Бул өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG