Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Арстанбапты сел каптады


Арстанбап айылы. 2020-жылдын 16-июлу.
Арстанбап айылы. 2020-жылдын 16-июлу.

Базар-Коргондун Арстанбап айылында 16-июлдагы сел кырсыгынын кесепетин жоюу жана чыгымдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Район акими Бакыт Козуев 17-июлда "Азаттыкка" билдиргендей, сел ташкыны төрт үйдү бузуп кетти.

Мындан сырткары, 12 үйдүн короосуна зыян келип, эки үйдүн дубалы жарактан чыкты.

Ички чарбалык төрт көпүрө да жараксыз абалга келди.

Өзгөчө кырдаалдар мекемесинен атайын техника жана 24 кызматкер тазалоо иштерине тартылды.

16-июлда катуу жаандын кесепетинен тоо тараптан сел түшүп, чоң таштарды агызып келген. Чыгымдын өлчөмү жеринде такталып жатат.

Адамдар жабыркаган учур катталган жок. (RsK)

XS
SM
MD
LG