Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

"British Airways" "Боинг-747" учактарын колдонууну биротоло токтотот


Кеңири таанымал, "асман канышасы" деген каймана аткан конгон мындай учактар соңку 50 жылдан бери колдонулуп келет.
Кеңири таанымал, "асман канышасы" деген каймана аткан конгон мындай учактар соңку 50 жылдан бери колдонулуп келет.

Британиянын "British Airways" авиакомпаниясы "Боинг-747" үлгүсүндөгү учактарын колдонууну биротоло токтотууну чечти. Компания буга коронавирус пандемиясы маалында жүргүнчүлөрдүн саны кескин кыскарып, кирешеси эселеп азайганы менен негиздеди.

Аталган компаниянын мындай 31 самолету бар жана алардан башка эч бир компаниянын мынчалык сандагы "Боинг 747" үлгүсүндөгү учактары болгон эмес.

Буга чейин "British Airways" "Боинг-747" учактарын 2024-жылдан тартып колдонууну токтоторун жарыялган эле.

Кеңири таанымал, "асман канышасы" деген каймана аткан конгон мындай учактар соңку 50 жылдан бери колдонулуп келет. "Бул учак жүрөгүбүздө биротоло калат жана биз келечекте май аз корогон, заманбап "A-350" жана "Боинг-787" үлгүсүндөгү учактар менен көбүрөк каттамдарды жүргүзөбүз"деп айтылат "British Airways" тараткан билдирүүдө.

1970-жылдары "Боинг-747" учактарынан улам аба каттамдардын баасы кыйла арзан жана калктын калың катмарына жеткиликтүү болуп калган. Бирок ушул тушта ал эки моторлуу учактарга салыштырмалуу майды өтө көп жеген, чыгымы чоң учакка айланды.

XS
SM
MD
LG