Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандар менен пневмония болуп ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырды.
Ал 16-июлда кечинде "Твиттердеги" баракчасына "Коронавирустан сырткары жарандардын саламаттыгына жана өмүрүнө пневмония чоң залалын тийгизип жатат. Пандемияга байланыштуу маалыматтар канчалык кайгылуу болсо дагы коомчулукка айтылышы керек" деп жазды.
Казакстан коронавирус менен өпкөсүнөн кагынган бейтаптарды өзүнчө, кошпой санап жатат . Соңку маалымат боюнча өлкөдө COVID-19ду жуктуруп алгандар 67 миңге чамалады, илдеттен 396 бейтап кказа болду.
Өлкөдө өткөн айдын башынан бери пневмония болуп ооругандардын саны эселеп көбөйдү. Ушул жылдын алгачкы алты айында пневмония болгон 98 миңден ашык адам катталды жана алардын үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда 32 миңи өткөн айда аныкталды. Июнь айында эле өпкөсү кагынган 628 адам ажал тапканы айтылган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-июлда пневмония болуп ооруп жаткандарды да коронавирус деп каттоого алуу тууралуу буйрук чыгарды. Буга чейин Бишкек мындай бейтаптарды эки башка санап жаткан.