Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Адвокат Токтакунов: фейсбук колдонуучу сурак берди


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Бийлик жетекчилерине мем (Интернетте кеңири тараган тамашалуу сүрөт, видео же сөз) жасаган “Фейсбук” баракчасынын ээси милицияга күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал жарандын жактоочусу Нурбек Токтакунов “Азаттыка” маалымдады. Адвокат Токтакунов өзү жактап жаткан адамдын аты-жөнүн, суракка чакырылуу себебин ачыктаган жок. Ошол эле учурда адвокат бийликтин Интернеттеги сын-тамашаларга реакция кылып жатканын туура эмес деп эсептеди:

“Көңүл бурбаш керек. Анткени элдин бийликти сындоого акысы бар. Жакшы иштеп жаткан бийлик сын-пикирден коркпойт. Анткени алар иши менен далилдейт”, - деди юрист.

16-май күнү “Фейсбуктагы” Меместан деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу милицияга суракка чакырылганын жазган.

Ага удаалаш эле Эркин Асанбаева аттуу “Фейсбук” колдонуучу дагы суракка чакырылганын жарыялаган.

Учурда Ички иштер министрлиги аталган жарандардын суракка чакырылганы боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин Бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин “Фейсбуктагы” баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн.

Андан мурдараак стендап-комик телефондогу Doublicat тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. Ага айрым жарандар нааразы пикир жазышкан. УКМК Айылчынова суракка эмнеге чакырылганы тууралуу маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG