Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Дүйнөлүк банктын кеңешчиси: “Тез жардам” айдоочунун катасынан бузулган


Жаңы сатып алынган "Тез жардам" автоунаалары. 15-июль, 2020-жыл.
Жаңы сатып алынган "Тез жардам" автоунаалары. 15-июль, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги “Тез жардам” кызматына жаңы сатып алынган автоунаалардын биринин бузулуп калганына байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Дүйнөлүк банктын техникалык консультанты Вячеслав Радченко автоунаа айдоочунун катасынан улам бузулганын билдирди:

“Себеби, айдоочу блокировканын системасын өчүргөн эмес. Ал система жолу начар жерде гана колдонулушу керек болчу. Ошондуктан, машине бузулуп калган”.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жаңы алынган "Тез жардам" автоунааларынын сапаты баасына туура келе турганын жана тендер мыйзам чегинде өткөнүн билдирди.

Жаңы алынган 13 автоунаанын бири Ысык-Көл облусундагы ооруканага бөлүнгөн. 16-июль күнү 4WD “Соболь” (Газель) үлгүсүндөгү машине облуска бараткан жолдо, Боом капчыгайында бузулуп калган. Саламаттык сактоо министрлиги аталган автоунаанын кепилдиги бар экенин айткан.

Буга чейиин “Тез жардам” автоунаасынын жолдо бузулуп турганы тартылган видео интернетке тарап, кызуу талкууланып жаткан.

Министрлик 13 машиненин үчөө 90 миң доллардан, ал эми ону 49 миң доллардан алынганын билдирген. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган 13 автоунаанын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгон.

Социалдык тармактарда “Форд Транзит” жана “Соболь” (Газель) автоунааларынын Интернеттеги баасы арзан экени, бийлик машинелерди кымбат сатып алганы тууралуу пикирлер тарап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG