Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Акын Замира Жантаева кайтыш болду


Замира Жантаева. (Сүрөт Facebook баракчасынан алынды)
Замира Жантаева. (Сүрөт Facebook баракчасынан алынды)

Көптөгөн ыр жыйнактарынын, обондуу ырлардын автору, акын Замира Жантаева 16-июлда 61 жашында каза болду. Маркумдун тааныштарынын айтымында, акындын өпкөсү сезгенип ооруп жаткан.

Жантаева 1959-жылы 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында туулган. Бишкектеги Соода техникумун аяктаган. Эмгек жолун Кара-Кужур жумушчулар кооперативинде баштап, кийин райондун Керектөөчүлөр коомунда иштеген.

Акыркы жылдары акындык чыгармачылыкка баш-оту менен кирип иштеп жаткан. Маркумдун артында төрт кызы жана бир уулу калды.

17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 адам болду. Каза болгондордун жалпы саны 785ке жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG