Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Казакстанда жыл башынан бери 234 миңден ашык адам пневмонияга чалдыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул былтыркы жылдын ушул маалына карганда 3,3 эсеге көп экенин билдирди. Ага ылайык, жыл башынан тартып 15-июлга чейин өпкөсү кагынган 3327 бейтап көз жумду. Буга чейинки расмий маалыматта пневмониядан 1772 адам ажал тапты, жалпысынан бул оору 98 миңден ашык адамдан аныкталганы эсептелип жаткан болчу.

Алексей Цой 1-августтан тартып Казакстан коронавирус жана пневмония болуп ооругандарды чогуу эсептей турганын билдирди. Ал 17-июлда мындай чечим Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын айтты.

Мунун алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандарды жана пневмония менен ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырган.

Расмий статистика боюнча Казакстанда COVID-19ду 66,8 миңдей адам жуктуруп алып, 396 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG