Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Казакстан Тажикстандагы орус жарандарына жол ачып берүүгө көндү


Тажик-өзбек чек арасы.
Тажик-өзбек чек арасы.

Казак бийлиги Тажикстандан Орусияны көздөй өз автоунаасы менен жолго чыккан, бирок чек арада ара жолдо калган орус паспорту бар жарандарга жол ачып берүүгө макул болду.

Хоженттеги орус консулдугу Нур-Султан ар бир автоунаа үчүн 1,5 миң доллар талап кыларын билдирди. Ал эми Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп баратканда Ташкентке ар бир машине үчүн 40 доллар төлөшү керек болот.

Буга чейин тажик-өзбек чек арасында колдорунда орус паспорту бар 700дөй адам бир канча аптадан бери топтолуп турганы айтылган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги орус бийлиги Өзбекстан жана Казакстан менен аларга транзит ачып берүү тууралуу сүйлөшүп жатканын билдирген.

Азырынча канча жаран мындай шартка көнүп, жолго чыгары белгисиз.

Буга чейин Орусия Тажикстандан орус паспорту бар жарандарды алып кетүү үчүн бир канча чартердик каттам уюштурган. Бирок билеттин баасы өтө кымбат болгондуктан, көбү учуп кете алган эмес. Ушундан улам алар Орусияны көздөй жолго өз машинелери менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG