18-июлга карата Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 (коронавирус) жана U07.2 (пневмония) чалдыккан 1264 адам жаңы катталды. Анын ичинен басымду бөлүгү Бишкекте.
- Бишкек шаарында – 506,
- Ош шаарында – 61
- Ош облусунда – 138
- Чүй облусунда – 181
- Талас облусунда – 88
- Нарын облусунда – 29
- Ысык-Көл облусунда – 100
- Жалал-Абад облусунда – 113
- Баткен облусунда – 48
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны өлкөдө ушуну менен 25 047 адамга жетти.
Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 73 киши каза болду. Анын ичинде:
- Бишкекте – 22
- Чүй облусунда – 2
- Ош облусунда – 15
- Талас облусунда – 2
- Нарын облусунда – 7
- Ысык-Көл облусунда – 1
- Жалал-Абад облусунда – 19
- Баткен облусунда – 5 киши.
Пандемия башталгандан бери бул оорулардан көз жумгандардын саны 858 адамга жетти. (ZKo)