Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Байден: Орусия келерки шайлоого да кийлигишүүгө аракеттенүүдө


Жо Байден.

АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден Орусияны келерки президенттик шайлоого да кийлигишүүгө аракеттенип жатат деп айыптады. Ал мындай маалыматты чалгын кызматынан алганын билдирди.

Батыштагы маалымат каражаттары Байдендин "Биз алардын планы тууралуу мурда деле билгенбиз. Орусия мурдагыдай эле биздин шайлоонун легитимдүүлүгүн бузууга аракет кылып жатат. Бул факт”, -деген сөзүн жазып чыгышты.

Мурдагы вице-президент, демократтардын президенттикке талапкери Жо Байден 17-июлда шайлоого карата каражат топтоо боюнча онлайн жыйында эгер ал президент болуп шайланса, Орусия бул кылыгы үчүн жооп бере турганын эскертти. Ал ошондой эле Кытайды 2020-жылдагы шайлоонун акыйкаттыгына америкалыктар ишенбөөсүнө аракеттенип жатат деп айыптады.

Жо Байдендин бул билдирүүсүнө Ак үй жооп бере элек.

Жо Байден быйыл 3-ноябрда азыркы президент Дональд Трамп менен атаандаштык болуп президенттик шайлоого катышат. Эгер утуп чыкса, Байден мамлекет башчылык кызматына 2021-жылдын 20-январынан тарта киришет.

АКШнын атайын кызматтары 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишкени тууралуу маалымдашкан. Алар Москва талапкер Трамптын утуп чыгышына кызыкдар болгонун белгилешкен. Дональд Трамп муну четке каккан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG