Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:28

“Реформа” саясий партиясы өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырды


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Жаңыдан түзүлгөн “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Ал өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык оор абалга бийлик ээлерин айыптап, алардын кайдыгер мамилеси, кырдаалды башкаруудагы алсыздыгы, адам жана каражат ресурстарын туура бөлүштүрө албаганы – учурда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болуп жатканын белгиледи.

Саясатчы эл башына күн түшүп турган учурда эмгек өргүүсүнө кетип калган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөнү кырдаалдан алып чыгууга күчү жете турган антикризистик өкмөт түзүүгө чакырды. Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрүн өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүн талап кылды:

“Ансыз да оор абалды ансайын күчөтпөгүлө. Өз эркиңер менен кызматтан кетип, башкарууну чыныгы иштей турган адистердин, эл ишенген адамдардын колуна бергиле”.

Клара Сооронкулова мындан тышкары укук коргоо органдарына да кайрылып, шалаакылык менен эпидемиологиялык абалды күчөтүп жиберген, чыныгы маалыматтарды жашырган, кызмат абалынан пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартууга чакырды.

Клара Сооронкулова жарандарга да кайрылып, антикризистик өкмөттү чогуу түзүүгө үндөдү.

“Реформа” саясий партиясы жакында, жаңыдан түзүлгөн партия. Курамында “#Reакция” кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар.

Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 1264 адам катталды. Акыркы суткада бул оорулардан 73 адам көз жумду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 25 миңден ашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG