Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Жээнбеков: Эрежелерди сактабай, абалды курчутуп алдык


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун күндүзгү станционарга барган учуру.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун күндүзгү станционарга барган учуру.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого маек курду. Мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу суроолорго жооп берип, ой-пикирлери менен бөлүштү.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдети тууралуу маалымат тарагандан көп өтпөй эле кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын, өкмөт менен чогуу аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө түйүндөрүндө илдетти киргизбөө чаралары көрүлгөнүн айтты:

“Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешинин бул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп, ошол жерде тапшырмаларды бергенбиз. Андан кийин дагы бул маселеге Коопсуздук кеңешинде көп кайрылдык. Мартта карантин киргизгенге мажбур болгонбуз. Анын максаты — вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле. Эң негизгиси — калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү эле. Эки ай ошондой тартипте жашадык. Бул өтө кыйын чечим болду. Экономикага катуу сокку болорун билгем. Бирок, кабыл алууга туура келген”.

Таразанын бир тарабында экономика, экинчи жагында улуттун саламаттыгы турганын белгилеген президент Жээнбеков карантин алынгандан кийин тартип сакталбай, мурдагы жетишкен ийгиликтер жокко чыкканын билдирген. Мамлекет башчы буга айрым саясатчылардын «коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат» деген сөздөрү себеп болгонун айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле илдеттин жайылып кетүүсүнө негизги беш эреженин сакталбагандыгы да себеп болгонун кошумчалады.

“Бул кандай эреже? Колду жуу, беткап тагын, социалдык аралыкты сакта, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорураак болсоң ооруканага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен байланышпа. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да. Ушуларды сактабаган үчүн вирус тарады. Бирок дагы деле айтып, талап кылып жатабыз, бул эрежелерди сакташыбыз керек”, - деди президент.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков учурда сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз эң көп айтылып жатканын белгилеп, ага жол берилбесин эскертти. Ал ошондой эле азыркы оор кырдаалда эл башына түшкөн жүктү чогулуп, жабыла көтөрүп кеткен элдин ынтымагына кубанганын кошумчалады. Мамлекет башчы ыктыярчылардын, дарыгерлердин баатырдыгына ыраазычылыгын билдирген.

Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус жана пневмонияга чалдыккан 1264 адам катталды. Акыркы суткада илдет жуккан 73 адам көз жумду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, жалпы COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын саны өлкөдө ушуну менен 25 миңден ашты. Өлкөдөгү ооруканаларда орун, дарыканаларда дары жетишсиздигине элдин нааразылыгы дагы деле уланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG