Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-19-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектеринде орун алган райондордо сел жүрөт.
19-июлда күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36;
Талас облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24 градус жылуу болот.
19-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн 20...22, күндүз 34...36 градус ысыйт.