Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Хабаровскиде оппозициячыл губернаторду колдогондор жөө жүрүшкө чыгышты


Хабаровскиде камактагы губернатор Фургалды колдогон жөө жүрүш. 18-июль, 2020-жыл
Хабаровскиде камактагы губернатор Фургалды колдогон жөө жүрүш. 18-июль, 2020-жыл

Камакка алынган оппозициячыл губернатор Сергей Фургалды колдогон нааразылык акциясына ишембиде Хабаровск шаарынын борборунда миңдеген адам чогулду. Алар "Фургалга эркиндик!", "Фургал - биздин тандообуз" деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алып жөө жүрүш уюштурушту. Хабаровск шаарынын мэриясы акцияга он миңдей адам катышканын айтса, уюштуруучулар жөө жүрүшкө отуз миңдей киши келгенин билдиришти. Камактагы губернатордун бошотулушун, анын иши адилеттүү каралышы керектигин талап кылган акция Владивосток шаарында да өттү.

2018-жылдын сентябрь айынан бери Хабаровск чөлкөмүнүн губернатору болуп иштеген Сергей Фургал 9-июлда камакка алынып, Москвадагы тергөө абагына отургузулган. Ага 15 жыл мурда киши өлтүрүүгө катышкан деген айыптоо боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылган. Фургал өзү жана анын тарапкерлери бул иш губернатордун Кремлди сындаган билдирүүлөрүнөн улам уюшулган саясий куугунтук деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG