Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Саламаттык сактоо адиси Бейшекан Калиева пневмониядан көз жумду


Бейшекан Калиева. (Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигине таандык).
Бейшекан Калиева. (Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигине таандык).

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алгачкы жетекчиси Бейшекан Калиева 18-июлга караган түнү, 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ага пневмония диагнозу коюлган.

Бейшекан Калиеванын көз жумганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

“Бейшекан Калиева 1977-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган соң, дарыгерлик эмгек жолун Чүй облусунун Аламүдүн районунда участкалык дарыгер болуу менен баштаган. Кийинчерээк Чүй облустук ооруканасында башкы дарыгер болуп иштеген. Аламүдүн райондук кеңешине бир нече жолу депутат болуп шайланган” деп жазылган некрологдо.

Бейшекан Калиева “Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын отличниги”, “Кыргызстанга эмгек сиңирген дарыгер” мамлекеттик сыйлыктарынын ээси болгон.

Беш күн мурун Бейшекан Калиеванын уулу, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Марлен Калиев да пневмониядан улам 44 жашында көз жумган. Жакындарынын маалыматына караганда, уулу көз жумган учурда Бейшекан Калиева оор абалда ооруканада жаткан.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 858 адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG