Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Орусиядан Кыргызстанга медициналык жабдуулар келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстанга гумжардам иретинде жасалма дем алдыруучу 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, беш көчмө рентген аппарат, алты ультра үн жабдуусун жана медицина кызматкерлери үчүн 0,5 млн. даана хирургиялык беткап берет.

Бул тууралуу 17-июлда Минск шаарында Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин жолугушуусунда белгилүү болду. Гуманитардык жардам иретинде келүүчү медициналык жабдуулар кыргыз мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен орус президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурундагы өтүнүчү боюнча берилүүдө.

Өлкөгө медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү маселси коронавируска каршы ыкчам штабдын 18-июлдагы жыйынында да көтөрүлдү. Биринчи вице-премьер-министр, штаб башчысы Алмазбек Баатырбеков эл аралык уюмдардан мамлекеттик сатып алуу аркылуу медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү зарылдыгын билдирген. Баатырбеков мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселесин да көтөргөн.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалар менен күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши, медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо маселелери, өлкө аймактарындагы абал дагы талкууланды.

Алмазбек Баатырбеков өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө бейтаптар үчүн дагы кошумча орундарды даярдоону күчөтүү, стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик сатып алуулар жана гуманитардык жардам аркылуу келип жаткан медициналык каражаттарды республиканын аймактарындагы оооруканаларга тегиз бөлүштүрүлүүсүн көзөмөлгө алууну милдеттендирди.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Кыргызстанга дары-дармек, медициналык жабдуулар, каражат түрүндө жардам берүү боюнча Орусия, Кытай, Түркия, Кувейт жана башка өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда 1-радиого курган маегинде да билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG