Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Орусиядагы кыргызстандыктардан дары-дармек жана медициналык жабдуулар келди


Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.

18-июлда Новосибирск–Ош багыты боюнча келген чартердик каттам менен Орусиядагы кыргызстандык жарандар даярдап, салып жиберген 198 миң рублдик дары-дармек, медициналык жабдуулар алып келинди. Аларды эки медициналык кызматкер алып келди.

Дары-дармектер жана медициналык шаймандар Ош шаарындагы ооруканаларга берилет. Дарыгерлер коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан адамдарды айыктырууда Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи.

Булар менен кошо Новосибирск облусунда, Красноярск, Приморье аймактарында жашаган кыргызстандыктар да мекенине кайтып келишти. Алардын ичинде төрөт мөөнөтү жакындап калган кош бойлуу келиндер, балалуулар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себеби бар жарандар, оорукчан жана улгайган адамдар бар. Булардан тышкары аталган аймактардагы жогорку окуу жайларында окуган студенттер да мекенине кайтып келишти.

Кыргызстандын медициналык мекемелерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн Орусиядан, Түркиядан буга чейин 100гө жакын ыктыярчы дарыгерлер тобу ал жактагы кыргызстандык жарандар даярдап жиберген дары-дармектерди алып келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 40ттан ашуун өлкөсүнөн 25 миңден ашык кыргызстандыктар чартердик учактар жана автобустар менен мекенине жеткирилди. Алар пандемияга байланыштуу мекенине кайта албай калган адамдар, мигранттар жана студенттер. (ZKo)

XS
SM
MD
LG