Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Каракчылар орус жана украин деңизчилерин барымтага алышты


CURACAO TRADER танкери. (архивдик сүрөт).
CURACAO TRADER танкери. (архивдик сүрөт).

"Кюрасао трейдер" танкеринин экипажынын 19 мүчөсүнүн 13ү каракчылардын колуна түшүп калган. Либериянын желегинин алдында Гвинея булуңунда бараткан кемеге Бенинден 210, Нигериянын Лагос шаарынан 230 чакырым аралыкта сууда куралчан каракчылар кол салышкан. Бул тууралуу кеменин ээси "Alison Management" ишембиде маалымдаганын "Dryad Global" сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кемедегилер Орусиянын жана Украинанын жарандары болушкан, барымтага алынгандардын төртөө украиналыктар.

Орусиянын Бениндеги жана Нигериядагы элчиликтери барымтага алынган мекендештеринин саны такталып жатканын кабарлоодо.

"Dryad Global" сайты буга чейин Гвинея булуңунда жээктен анчалык алыстыкта чоң танкерге кол салуу болбогонун жазды.

XS
SM
MD
LG