Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Расалык теңсиздикке алгачкылардан болуп каршы чыккан Жон Льюис дүйнөдөн кайтты


Жон Льюис.
Жон Льюис.

Америкалык конгрессмен, расалык сегрегацияга каршы алгачкылардан болуп күрөш жарыялаган Жон Льюис 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Льюис 1963-жылы Вашингтондо өткөн Марштын уюштуруучуларынын бири болгон. Бул марштан кийин бийлик коомдук жайлардагы сегрегацияга тыюу салып, ынды каралардын шайлоо укугун актар менен теңдеген мыйзам кабыл алган.

Жон Льюис 1940-жылы Алабама штатындагы Троя шаарында туулган. Бала чагынан адам укугуна байкоо салып чоңойгон Жон 17 жашында ынды каралардын укугун коргоо кыймылынын негиздөөчүсү Роза Паркс, 18 жашында Мартин Лютер Кинг менен таанышкан. Студент кезинде сегрегацияга каршы жана шайлоо укугу үчүн тынч акцияларга катышып жүргөн. Ал актардын автобусуна кирип барып, сегрегациянын талаптарын бузган алгачкы активисттердин бири болгон.

Льюис 1963-жылы Вашингтондо өткөн Марштын алты уюштуруучусунун бири. Маршка 200 миңден 300 миңге жакын киши катышып, Линкольндун эстелигине чейин жөө жүрүш менен барышкан. Ошол жерде Мартин Лютер Кинг “Менин кыялым” деген аталышка ээ болгон легендарлуу сөзүн сүйлөгөн.

Льюис укук коргоочулук ишмердүүлүгүн 1977-жылга чейин, өкмөткө кызматка өткөнчө уланткан.

2008-жылы ал Барак Обаманын президенттикке талапкерлигин колдогон. 2016-жылы Демократиялык партиянын курал сатууну катаалдаштыруу талабы менен өткөн 25 сааттык тынч акциясына катышкан.

Конгрессмен Америкадагы эң жогорку – президенттин Эркиндик медалы менен сыйланган.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Льюистин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жасаган билдирүүсүндө “АКШ тарыхый баатырынын өлүмү үчүн бүткүл Америка кайгырып жатканын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG