Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Ишкер Токтогазиев: Отуздай ооруканага борборлоштурулган кычкылтек киргизилди


Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарга кайрылган бейтап.
Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарга кайрылган бейтап.

Учурда ыктыярчылык милдетти аткарып жаткан ишкер Тилек Токтогазиев Кыргызстандын аймагындагы 30дай ооруканага борборлоштурулган кычкылтек киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн кеминде 100 миңдей доллар сарпталган. Чыгымды демөөрчүлөр, тактап айтканда жергиликтүү ишкерлер жана чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар көтөргөн.

“Бул системаны ар бир ооруканага киргизүү чыгымы ар кандай болду. Бир орунга кычкылтек системасын коюу үчүн 100 доллардын тегерегинде каражат жумшалып жатат. Биз системаны орноткон жумушчулардын акысын төлөп беребиз. Алар “кызыл зонага” кирип иштешет. Ошондуктан алардын акысы да ошого жараша төлөнөт. Мындан сырткары кычкылтек киргизүү үчүн жез түтүктөрдү жана башка ушуга окшогон жабдыктарды сатып алабыз. Мисалы, Ош шаарына 120 орунга ылайыкталып, 12 миң доллар кетти. Ал эми Каракол шаарындагы ооруканга 100 орунга койдук. Ал 10 миң доллар болду. Учурда мындай система Бишкек шаарындагы эки ооруканага, Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунун аймактарында коюлду”, деди Токтогазиев.

Учурда бул система ыктыярчылардын демилгеси менен Кыргызстандын ар бир облустук борборуна жана бир катар шаар, райондорго коюлду. Демилгечилер мындай системанын санын дагы көбөйтүүнү пландап жатышат.

19-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашырууну тапшырды. (MiK)

XS
SM
MD
LG