Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Шинжаңда COVID-19га каршы "согуштагыдай" күрөшүп жатышат


Кытайдагы атайын медициналык сыноо лабораториясынын кызматкерлери
Кытайдагы атайын медициналык сыноо лабораториясынын кызматкерлери

Кытайдын батышындагы Шинжаң чөлкөмүнүн бийликтери жекшембиде 17 кишиде коронавирус аныкталганын, дагы 23 адамда симптомдору белгисиз оору табылганын, бардыгы 269 жаран обсервацияга алынганын, ушу тапта аймакта "согуш абалындагыдай" аракеттер көрүлүп жатканын билдиришти.

16-июлда алгачкы оорулуулар катталгандан тартып чөлкөмдүн борбору Үрүмчүдө метро, поезд жана башка коомдук транспорт токтотулган. Коомдук түрдүү жыйындарга тыюу салынды. Ишембиде Кытайдын Улуттук саламаттык комиссиясы бүткүл өлкөдө 252 киши коронавирустан дарыланып жатканын кабарлаган.

Коронавирус башында Кытайдын Ухань провинциясында былтыр жыл аягында катталган. Андан бери жаңы вирус дүйнөдө 600 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG