Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды


Сүрөттө: Стипендиянын ээлери (ортодо), Уланбек Эгизбаевдин энеси Жыпаргүл Сариева, жубайы Сапаргүл Абдинабиева.
Сүрөттө: Стипендиянын ээлери (ортодо), Уланбек Эгизбаевдин энеси Жыпаргүл Сариева, жубайы Сапаргүл Абдинабиева.

19-июлда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин бүтүрүучүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды. Бул тууралуу маркум журналисттин жубайы Сапаргүл Абдинабиева билдирди.

Стипендия Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинен эң көп упай алган бүтүрүүчүлөр Жылдыз Мукановага жана Айназик Таалайбековага ыйгарылды.

“Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Келечекте кыргыз тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп терең ишенебиз. Улан өзүнүн кыска өмүрүндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошту. Интернетте “Кыпкыргызча” деген топ түзүп, миңдеген окурмандардын нукура кыргызча баарлашуу, талкуу аянтчасына айланта алды. Мекендештерин кыргыз тилинин тазалыгын сактоого чакырып, өзү да таза кыргызча сүйлөөнүн, жазуунун үлгүсүн көрсөттү, эне тили менен сыймыктанып жашады”, - деп жазды Сапаргүл Абдинабиева фейсбуктагы баракчасына.

Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө 2019-жылы ыйгарылган.

Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG