Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Москвадан Бишкекке дарыгерлердин дагы бир тобу келди


Түркиядан Кыргызстанга жиберилген медициналык гумжардам. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиядан Кыргызстанга жиберилген медициналык гумжардам. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 19-июлда 21 медицина кызматкери учуп келди. Дарыгерлер коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан бейтаптарды айыктырууда Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи.

Алардан тышкары учактын бортунда 403 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Арасында оорулуу, улгайган адамдар, кош бойлуу жана балалуу кыз-келиндер бар.

Кыргызстандагы кесиптештерине жардам берүү максатында июль айында эле Орусияда жана Түркияда иштеген кыргызстандык 100дөн ашуун дарыгер келишкен. Алар өздөрү менен кошо ал жактагы кыргызстандыктар даярдап, салып жиберген дары-дармектерди, медициналык шаймандарды алып келишүүдө.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгерлер тартыш болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG