Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

COVID-19: Кыргызстанда каза болгондор миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп жана өпкөсүнөн кагынып 70 адам каза болду. Ушуну менен пандемиянын башынан бери бул илдеттерден каза тапкандардын жалпы саны 1003 адамга жетти.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 1162 адам сакайды. Жалпысынан март айынан бери 12 328 адам айыгып чыкты.

Бишкек шаарында – 495, Чүй облусунда – 188, Ош облусунда – 233, Талас облусунда – 31, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 34, Жалал-Абад облусунда – 84, Баткен облусунда – 25, Ош шаарында – 46 адам сакайып, 19-июлда ооруканадан чыкты.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-июль, саат 17:30га карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга 1020 адам кабылганы аныкталды. Ушуну менен жалпы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган адамдардын саны 26 532 адамга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG