Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFCде жеңишке жетти


Рафаэль Физиев менен Марк Диакиез беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.
Рафаэль Физиев менен Марк Диакиез беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунда экинчи ирет жеңишке жетти.

UFC Fight Island 2 деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өттү. Мында Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиез менен беттешти. Үч раундга созулган беттеште калыстар бир добуштан Физиевди жеңүүчү деп тапты.

Беттештен соң спортчу алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, учурда Кыргызстан кыйын кырдаалды баштан өткөрүп жатканын айтты.

"Менин Кыргызстаным учурда оор абалды баштан кечирип жатат. Биз биргеликте мунун баарын жеңебиз. Бүгүн биз сиздер үчүн жеңишти камсыздай алдык", - деди ал.

UFCнын Fight Island 2 мелдешинин алкагында жалпы 12 беттеш өтүп, Рафаэль Физиев менен Марк Диакиездин беттеши "мыкты беттеш" деп табылды. Бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча каражат алды.

"Атаман" деген каймана ат менен белгилүү Рафаэл Физиев 2019-жылдан бери UFC уюмунда мелдештерге катышып келет. Ал буга чейин аталган уюмда эки жолу беттеш өткөрүп, алгач ирет орусиялык Магомед Мустафаевге жеңилсе, экинчи беттешинде америкалык Алекс Уайтты жеңген. Физиев азери тектүү кыргызстандык мушкер.

UFC – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм. (GT/TSh)

XS
SM
MD
LG