Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Өзбекстандан келген 10 миң таңгак гепарин дарыканаларга таратылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган шаарынан чыккан гепарин дарысынын 10 миң таңгагы Кыргызстандын фарм компанияларынын бирине тапшырылды. Жакынкы күндөрү гепарин өлкөдөгү дарыканаларга таратылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен эки өлкө Тышкы иштер министрлигинин сүйлөшүү аркылуу Кыргызстанга 50 миң таңгак гепарин алып келүү чечилгенин маалымдады.

14-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов бир жума ичинде Өзбекстандан 30 миң таңгак гепарин келээрин билдирген.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк бейтаптар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. Ал эми өкмөт дарыканаларда алып-сатууларды алдын алуу үчүн гепарин 443 сомдон бир адамга бирден эле сатылып жатканын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG