Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

COVID-19: Бир суткада 34 бейтап каза болду, 611 адам жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 34 адам каза тапты. Бул тууралуу 20-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

34 маркумдун 20сы - Бишкекте. Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн, Нарында үч, Чүйдө эки жана Ош шаарында бир бейтап каза болду.

Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 611 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 781 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып, денеси ысып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирүүдө.

Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын буга чейин бөлүп карап келген. (RK)

XS
SM
MD
LG