Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды


Окуу жайдагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Окуу жайдагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

20-июлдан тартып Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) онлайн кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Абитуриенттер министрлик сайтындагы https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат.

Аталган сайт Жалпы республикалык тесттин сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтырат.

Тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган.

1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Кесиптик окуу жайларга да кабыл алуу быйыл онлайн түрүндө өтмөкчү. Бул үчүн "Кыргызстандын коллеждерине онлайн кабыл алуу системасы - http://www.spuz.edu.gov.kg/” иштелип чыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG