Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Сооронбаев: COVID-19 өпкөдөн башка өнөкөт ооруларды да козгогон агрессивдүү вирус болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска чалдыккан адамдын өпкөсү гана сезгенбестен, мурдагы өнөкөт оорулары да козголот. Бул тууралуу 20-июлдагы онлайн брифингде Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев билдирди.

Сооронбаевдин айтымында, ошол себептен жана инфекция өтө агрессивдүү болгондуктан каза болгон бейтаптарды сактап калуу мүмкүн болгон жок:

“Кимдин саламаттыгында коркунуч факторлору болсо, кимдин өнөкөт оорусу бар болсо, иммунитети алсыраган адам болсо, оор пневмониядан тышкары системалык жабыркоого алып келет, иммундук клеткаларды, жүрөктү, бөйрөктөрдү, боорду, мээни жабыркатат. Респиратордук вирустар арасынан жалгыз ушунусу өпкөдөн тышкары көптөгөн башка да жабыркоолорду алып келет. Абдан агрессивдүү инфекция болгондуктан дарылоого карабастан өлүм менен аяктоодо".

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG