Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Сооронбаев: Көп өлкөлөр ооруну беткап, аралык жана тазалык менен ооздуктай алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев коронавирусту ооздуктоо чаралары жөнөкөй экенин эскертти. 20-июлда Коронавируска каршы ыкчам штабдын онлайн брифингинде маалымат берип жатып ал вирус өтө жугуштуу экенин белгилеп, башка өлкөлөрдүн ийгилиги адамдар ортосунда аралыкты жана тазалык эрежелерин сактоо, беткап тагынуу аркылуу жетишилгенин айтты:

“Инфекциянын очогу – ооруп жаткан адам. Илдет таза адамга ооруп жаткан адамдан жугат. Коронавирус – өтө жугуштуу вирус. Кырдаалды көзөмөлгө алып, инфекцияны жайылтпаш үчүн беткап тагынып, ортодогу аралыкты сактап, колду улам жууп, дезинфекциялап туруу керек. Эл көп чогулуучу иш-чараларды өткөргөн болбойт. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мына ушул жөнөкөй чаралар аркылуу оору ооздукталды. Аларда оор абалдагы бейтаптары азыраак. Көптөгөн көрсөткүчтөрү жакшыраак”.

Сооронбаев азыр денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жаткандардын баары коронавирус экенин да кошумчалап, COVID-19га чалдыккан адамдын өпкөсү гана сезгенбестен, мурдагы өнөкөт оорулары да козголуп жатканын айтты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

Бийлик бир нече жолу элге кайрылып, той-аштарды токтото турууну суранган. Бирок мындай иш-чаралар токтоп калган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG