Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалиция Жогорку сотко кат жолдоп, COVID-19 вирусуна байланыштуу соттолуучулардын бөгөт чарасы боюнча камак менен байланышпаган, альтернативдүү чечимдерди чыгарып турууну сунуштады.
Уюм коронавирус инфекциясын жуктургандар ыкчам түрдө көбөйүп жаткан учурда Кыргызстандын жабык жайларындагы (түрмөлөр, тергөө абактары жана убактылуу кармоочу жайлар) тыгыздык кабатырлануу жаратып жатканын белгилейт. Мисал катары, Бишкектеги 1 325 лимитке ээ №21 тергөө абагында кармалгандар 1200гө жетип калганы маалымдалат.
Коалиция кайрылуусунда Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өндүрүштү жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин экинчи отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун «экономикалык мүнөздөгү кылмыш жасагандарды сөзсүз эле камакка албай, чыгымдын ордун толтуруу керек» деген сөзү келтирилип, сотторду түрмөдөн сырт жаза чегерүүгө чакырат.
Кыйноого каршы коалиция соттолуучуларды альтернативдүү жазага тартуу чаралары эркинен ажыратылгандардын, соттук-аткаруучу системасынын кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустун жайылышын алдын алат деп ишенет.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 1-апрелге карата Кыргызстандагы жабык жайларда 9511 киши жазасын өтөп жаткан. Алардын 1832си тергөө абактарында кармалгандар.
Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 34 адам каза тапты. Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 611 адам жаңы катталды.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты. (ErN)