Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Тегеранда кыйраган украин учагынын кара кутулары Парижге жеткирилди


Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган.
Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган.

Иран ушул жылдын башында капысынан атып алган украиналык учактын кара кутуларын Францияга берди. Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань учуш тууралуу маалымат камтылган жабдыктар Парижге алып келингенин, жакын арада Жарандык авиация коопсуздугун анализдөө жана талдоо бюросуна жеткирилерин билдирди.

Иран бийлиги буга чейин регистраторлорду окуу мүмкүнчүлүгү жок экенин мойнуна алган жана башында чет өлкөлөрдөн адистер келет деп маалымдаган, бирок мындай планга коронавирус пандемиясы тоскоол болгон. Мындан улам Тегеран кара кутуларды Францияга өткөрүп берүүгө көнгөн.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак ушул жылдын 8-январында таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган. Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жана Канаданын жарандары болгон.

Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган. Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG