Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Бишкекте көп кабат үйдүн курулушунда өрт чыкты (толукталды)


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 20.07.2020

Бишкекте көп кабат үйдүн курулушунда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, курулуш объектиси Ленин районунун аймагында, Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан:

"Жаңы курулуп жаткан кабат үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 13:53тө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган".

Саат 15:00гө карата өрт өчүрүлгөнү тууралуу маалымат боло элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрт саат 15:43тө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүүгө болгон аракет жасалып жатат.

Адамдар арасында жабыркагандар бар-жогу айтыла элек.

Социалдык түйүндөрдө тараган видеодо көрүнүп тургандай, жогорку кабаттагы аянтчада устундар өрттөнүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG