Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Юрий Шевчук Хабаровск шаарында митингге чыккандарды колдоду


Юрий Шевчук
Юрий Шевчук

Орусиядагы белгилүү "ДДТ" рок тобунун лидери Юрий Шевчук Хабаровск аймагынын губернатору Сургей Фургалдын камалганына каршы митингге чыгып жаткандарды колдоду.

Музыканттын видео кайрылуусун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабы жарыялады.

"Биздин өлкөдөгү кайдыгер эмес адамдар атактуу Хабаровск шаарында болуп жаткан окуяларды терең сезип жатат. "ДДТ" тобунун атынан питерлик музыканттар силердин акыйкат үчүн күрөшүңөрдү колдойт. Ийгилик силерге! Хабаровск, сен жалгыз эмессиң!", - деген Шевчук.

Хабаровск шаарында камакка алынган губернатор Сергей Фургалды бошотууну талап кылган калайман нааразылык акциялар тогуз күндөн бери токтой элек.

11-18-июль күндөрү митингге миңдеген адамдар катышты. Айрым маалыматтарга караганда бул күндөрү көчөгө 30-35 миңге чейин адам чыкты.

Сергей Фургал 2018-жылы ЛДПР партиясынан жергиликтүү кеңешке шайлоого катышып, губернаторлукту бийликтеги "Бирдиктүү Орусиянын" талапкеринен утуп алган.

Ал 9-июлда камакка алынып, Москвадагы тергөө абагына жеткирилген. Фургалга мындан 15 жыл мурда "киши өлтүрүүгө катышкан" деген айып коюлган. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. Фургал менен тарапташтары кылмыш ишинин козголушун губернатордун Кремлди сындаган билдирүүлөрүнөн улам уюшулган "саясий куугунтук" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG