Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Эки спортчунун өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасы аныкталды


Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоров.
Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоров.

Эки спортчунун өлүмүнө шектүү катары кармалган адамдын бөгөт чарасы аныкталды. Бул тууралуу 20-июлда “Азаттык” радиосуна Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова билдирди:

“Велоспортчуларды коюп кеткен факт боюнча шектүү жаран кармалган. Ал 39 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран. Азыр тергөө уланууда. Текшергенде ал спирттик ичимдик ичкени аныкталган”.

Шектүүнүн бөгөт чарасы эки ай деп аныкталды. Ал кеминде августтун аягына чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот. Тергөөнүн жүрүшүнө жараша бул мөөнөт узартылышы ыктымал.

Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоров 30-июнда жол кырсыгынан каза болушкан. Окуя "Манас" аэропортуна кетчү трассада катталган.

Триатлон федерация Audi C4 үлгүсүндөгү машина шаарды көздөй бара жаткан велоспортчуларды сүзүп кеткенин, алардын бири ошол жерден жан берип, экинчиси ооруканага жетпей көз жумганын 1-июлда кабарлаган.

Федерациянын маалыматына караганда, эки спортчу тең велоспорт менен кесипкөй деңгээлде машыгып келген. СССР учурунда, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да көп сыйлыктарга татышкан.

Илья Сидоров СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон.

Требунский Кыргызстандын Триатлон федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. Сидоров федерация мүчөсү болуп, Indoor Triathlon мелдештерине катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG