Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Сентябрга пландалган Ысык-Көл марафону кийинки жылга калды


Архивдик сүрөт. «Run the Silk road-2019» марафону.
Архивдик сүрөт. «Run the Silk road-2019» марафону.

Кезектеги эл аралык Ысык-Көл марафонун өткөрүү мөөнөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөрдү. Бул тууралуу 20-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл тогузунчу жыл уюштурула турган марафон 5-сентябрда өтмөк:

“Календардык планга ылайык 5-сентябрга пландалган «Run the Silk Road - Shanghai Cooperation Organization» марафону 2021-жылга калды. Иш-чараны өткөрүү мөөнөтү тууралуу кошумча кабар берилет. Катталып, акчасын төлөп койгондор дароо кийинки марафондун катышуучусу болуп эсептелет”.

Былтыр 11-майда өткөн 8-эл аралык "Run the Silk road" марафонунда 42 километр 195 метр аралыкка чуркоодо аялдардан Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишкен. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашкан. Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул адам катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG