Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кой-Ташта пакистандык ыктыярчыны сабагандар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Пакистандын жаранын сабады деп шектелген кишилер аныкталып, аларды кармоо иш-аракеттери жүрүп жатканын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, 19-июлда саат 23:00 чамаларында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Пакистандын 22 жаштагы жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде аны белгисиз кишилер сабап кеткенин жана аларга чара көрүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы үч киши кайрылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Милиция чыр-чатакка катышты деген шектүүлөр аныкталып, учурда аларды кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

"Kaktus.media" агенттиги белгисиз кишилерден токмок жеген пакистандык ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан Шах Аббас Али аттуу жаран экенин жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG