Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Жалпы республикалык тестирлөө уюштурган борбор абитуриенттердин сынына жооп берди


Окуучулар жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.
Окуучулар жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.

«Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына нааразы болгон окуучуларга жооп берди.

Борбор тараткан түшүндүрмөдө "өлкөдөгү оор кырдаалга карабастан бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн аракет" болуп жатканы айтылат. Борбор буга чейин социалдык тармактарда айтылып жаткан сындардын баарына кенен түшүндүрмө берген.

2020-жылы «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору пандемияга байланыштуу сынакты уюштуруунун жол-жобосун өзгөрткөн. Мекеме сынак өткөрүү ачыктыгы, стандарттары, эрежелери жылдагыдай эле өзгөртүлбөстөн окуучунун билим деңгээли акыйкат сыналганын белгилейт. Уюштуруучулар окуучулардын социалдык тармактарда жазып жаткан ар кандай маалыматтарды төгүндөдү.

Учурда Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу жараяны башталды. Айрым окуучулар Интернетте жалпы республикалык тест акыйкат өтпөгөнүн айтып, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 53 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болушкан. Эң жогорку баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды. Анын баллы – 229 болгон.

2020-жылы жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алууда бюджетке тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтики 60 деп белгиленди. Ал эми окуу жайга келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105ке төмөндөтүлдү. Мунун медицина жана фармация адистиктерине тиешеси жок. Быйылкы тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG