Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Орусиялык актер Михаил Ефремовго айыбы угузулду


Михаил Ефремов.
Михаил Ефремов.

Москва прокуратурасы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектелген актер Михаил Ефремовго акыркы такталган айыбын угузду. Актер Кылмыш кодексинин “Жол эрежесин бузган", "Мас абалында автоунаа айдаган" жана "Адам өлүмүнө себепкер болгон” деген беренелери менен соттолот. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул берененин эң аз жаза мөөнөтү - 5 жыл эркинен ажыратуу. Ишти Москванын Пресненск райондук соту карамай болду.

8-июндун түнүндө актер айдап келе жаткан автоунаа каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада өлгөн. Ефремов жабыркаган эмес.

Актер жол кырсык катталган жерден кармалып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Кийинчерээк Москванын полициясы ал мас абалында болгонун кабарлаган. Суракка келбей койгон Ефремовду полиция үйүнөн камакка алган болчу. 10-июнда актер үй камагына чыгарылган.

Михаил Ефремов – белгилүү театр жана кино актеру, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлор жана Орусиядагы 1-каналдын "Мени күт" программасы аркылуу таанымал.

XS
SM
MD
LG