Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Кызыл жарым ай коому тез жардам кызматын көрсөтүүчү ыктыярчы топ түздү


Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары окутуудан өтүп жатышкан учуру.
Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары окутуудан өтүп жатышкан учуру.

Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому 21-июлдан тартып үйлөргө барып, медициналык жардам көрсөтүүчү ыктыярчылардын бригадасын түздү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Атайын тез жардам транспорту менен камсыздалган ыктыярчылар жана коомдун кызматкерлери муктаждарга кечиктирилгис жардам берип турушат. Бригада концентратор, пульсоксиметр, дем алуучу жана башка жабдуулар менен камсыздалган.

Команданын мүчөлөрү алдын ала даярдыктан өтүштү. Алардын өздөрүндө да медициналык коргоочу каражаттар бар. Ыктыярчы топтор Бишкек шаарында иш алып барышат.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйө баштагандан кийин медициналык кызматкерлер жана тез жардам кызматынын жетишсиздиги жаралган. Натыйжада кошумча стационарлар ачылган, жарандык активисттерден түзүлгөн ыктыярчылар бейтаптарга өз алдынча жардам берип келатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG