Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирди


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Бишкектин административдик соту Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үстүнөн жазган арызын карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сагынбек Абдрахманов маалымдады.

Анын айтымында, БШК эми КСДПны кайра катташы керек.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалыматты ырастап, соттун чечимин алгандан кийин алар өз чечими тууралуу кабар беришерин билдирди.

13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. 13-июлдагы отурумунда КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралган.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим 13-июлдагы отурумда кабыл алынган. Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов сотко арыз жазган болчу.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG