Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 09:22

Биринчи чейрек үчүн видеосабактар тартыла баштады


Надира Жусупбекова. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда мектептер үчүн видеосабактар тартылып баштады. Бул тууралуу 21-июлда онлайн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл биринчи чейректе балдарды аралыктан окутууга даярдык көрүлүүдө. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларын эске алуу менен кабыл алынды.

Кээ бир аймактарда окуу кадимки режимде өткөрүлүшү мүмкүн, бул үчүн ал жерде коронавирустун жайылышы кооптуу эмес деген корутунду керек.

Жусупбекова белгилегендей, тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда телесабактардын мазмунун, жадыбалын жана өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти:

"Азыр он чакты студия иштеп жатат. Биринчи чейректин жадыбалына дал келген сабактарды тартып жатышат. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Эң оболу сабактын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүү мамилеге негизги басым жасалууда".

Жусупбекова кырдаал жакшы жакка өзгөрөр менен окуучулар мектепке барып окушарын кошумчалады.

Министрликтин алдында практик педагогдордон, эксперттерден жана билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатканы да маалым болду.

Кеңештин корутундусу менен Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынары айтылды.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Мектептер дароо карантинге жабылып, окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул инфекция 28 251 адамга жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты, 1 079у каза тапты.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG