Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Биринчи май райондук сотуна судьялыкка сунушталган он талапкердин тогузу дайындалды


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тогуз судьяны дайындоо боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу райондук соттун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн он талапкерди президентке сунуштаган.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка тогуз талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы бир талапкер жөнүндө мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, ал боюнча материалдарды артка кайтарды. Ал судьянын аты-жөнү ачыкталган жок. Айрым маалымат каражаттары судьялыкка бекибей калган талапкер мурдагы судья Айбек Эрнис уулу экенин жазып чыгышты.

Дайындалган тогуз судья белгиленген мөөнөткө чейин судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди. Алар:

Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

Жаныбек кызы Венера;

Исаева Кундус Кедейкановна;

Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;

Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

Сатарова Айнура Мелисовна;

Сыдыков Марат Райымбекович;

Термечиков Мирлан Арстанбекович;

Уметова Айгүл Таштанбековна.

Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясий жана коомчулукта резонанс жараткан соттук иштер көп каралат. (ErN)

XS
SM
MD
LG