Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Быйыл "Алтын сертификатка" мектептин 53 бүтүрүүчүсү татыды


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда мектептин 53 бүтүрүүчүсү "Алтын сертификатка" татыды. Бул тууралуу 21-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү эң жогорку балл алды.

20-июлда өлкөдө жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Быйыл бул жараян толугу бойдон онлайн форматта өтөт.

Былтыр «Алтын сертификат» 52 бүтүрүүчүгө тапшырылган, алардын 19у аймактарда жашагандар болчу.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары март айында карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган.

Мектептерде жаңы окуу жайынын биринчи чейреги да аралыктан өткөрүлмөй болууда.(RK)

XS
SM
MD
LG